26.04.2018 13:01

Бишкек мэри  Албек Ибраимовдун кызматтан кетүү ниети жок

Бишкек мэри  Албек Ибраимовдун  кызматтан кетүү ниети жок

Бишкек мэри  Албек Ибраимов  кызматтан кетүүгө  шашкан  жок. Бул туурасында мэр өзү кабарчыларга билдирди, деп жазат 24.kg. Кечээ шаардык кеңештеги «Республика — Ата Журт»  фракциясы  анын отчётун жактырган эмес. 

Мыйзам  боюнча, жыл сайын жазында мэр кылган иштери боюнча Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын алдында отчёт берип турат.

Албек Ибраимов  шаар кеңеш депутаттарынын чечимин мыйзамсыз деп атады.

«Регламентте жана мыйзамда бул каралган эмес. Бүгүнкү күндө шаардык кеңештин депутаттары Жогорку Кеңешке окшошкулар келип жатат. Бирок, шаар кеңеш депутаттарынын иштөө принциптери жана жоопкерчиликтери башкача», – деди Албек Ибраимов.

Калаа башчысы өзүнүн отставкасы тууралуу имиштерди четке какты. Айтымында, жумуштан бошонуу тууралуу эч кандай арыз жазган эмес.  «Мен арыз жазган эмесмин. Мени Бишкек шаардык кеңештин депутаттары 4 жылга шайлашкан, ошол 4 жылды иштеп анан кетем», – деди мэр.

«Мен эч качан Алмазбек Атамбаевдин командасынан экенимди жашырган эмесмин.  Буга шаар менен шаардыктардын эмне тиешеси бар?» - дейт Ибраимов. 

Анын айтымында, мындай имиштердин чыгышына өлкөдө жүрүп жаткан саясий процесстер себеп болууда.  Алар элге  бийликте кандайдыр бир тазалоо  жүрүп, Атамбаевдин  кадрларын  алып ташташууда  деген ойду жаратып жатат.